Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:02

Сирияда козголоңчулар провинция губернаторун кармашты


Ракка шаарына кирген козголоңчулар президент Асаддын атасы Хаиз ал-Асаддын эстелигин кулатышты. 4-март, 2013-жыл.
Ракка шаарына кирген козголоңчулар президент Асаддын атасы Хаиз ал-Асаддын эстелигин кулатышты. 4-март, 2013-жыл.
Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы деген уюмдун билдиргенине караганда, козголоңчулар түндүктөгү Ракка провинциясынын губернаторун өткөн түнкү уруштардын артынан туткундашкан. Уруш Ракка шаарында, губернатордун кеңсесинин жанында болгон.

Баш кеңсеси Лондондо жайгашкан уюм тараткан видеодо Ракка провинциясынын губернатору Жалили жана бийликтеги Баас партиясынын бул провинциядагы башкатчысы Сулейман козголоңчулар арасында олтурганы тартылган. Жалили президент Асаддын режимине каршы күрөшүп жаткан согушкерлер тарабынан туткундалган эң жогорку даражалуу расмий өкүл.

Согушкерлердин ырастоосунда, алар Ракка шаарынын басымдуу бөлүгүн дүйшөмбү күнү ээлешкен.

Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы кагылыштар мезгил-мезгили менен өткөн түнү да уланганын кабарлады.

Эгер козголоңчулар Ракка шаарын толук ээлешсе, ал Сирияда көтөрүлүш башталган эки жылдан бери козголоңчулар колуна өткөн алгачкы шаар болот. (UE)

XS
SM
MD
LG