Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:07

Centerra Gold компаниясынан Кумтөр боюнча жооп келе элек


Бул тууралуу бүгүн өкмөттүн биринчи вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаев билдирди. Centerra менен сүйлөшүү жүргүзүүчү топту жетектеген Оторбаевдин айтымында, компания Кумтөр проблемасын жөнгө салуу боюнча сунуштарын азырынча кыргыз өкмөтүнө бере элек. Жоомарт Оторбаев кабарчылар менен маегинде өкмөт Жогорку Кеңештин токтомун аткаруу ниетинде турганын кошумчалады.

Парламент эгер үч ай ичинде Centerra менен мунаса табылбаса, Кумтөр алтын кени боюнча 2009-жылкы келишимди бузууну сунуш кылган. Өкмөткө сүйлөшүү үчүн берилген мөөнөт май айынын соңунда бүтөт.

Жогорку Кеңештин токтомунан кийин Centerra 2009-жылкы келишимди мыйзамдуу деп санарын, талаш эл аралык арбитражга жетүүсү мүмкүндүгүн айткан. (UE)

XS
SM
MD
LG