Өкмөткө ишеним көргөзбөө маселеси бүгүн оппозициядагы Коммунисттик партиянын сунушу менен добушка салынды. Сунушту 54 депутат колдоду. Эми молдован президенти Николай Тимофти премьер-министрликке жаңы талапкерди көрсөтүшү керек. Эгер сунуш кылынган өкмөт курамын парламент бир жарым ай ичинде үч ирет бекитпей койсо, президент парламентти таратууга укуктуу.
Премьер-министр Влад Филат парламент чечимин комментарийлеп,
- Мен парламент добуш берүүнү баалагым келбейт. Муну эл таразалайт. Бирок мен бул болушунча жоопкерсиздик деп санайм.
Премьер-министр Филаттын Либерал-демократиялык партиясы өткөн айда коалициядан чыкканда, бийликтеги Европа интеграциясы үчүн альянсы чачыраган. Бул альянска кирген Демократиялык партия бүгүн өкмөткө ишеним көрсөтпөөнү колдоп, муну либерал-демократтар коалиция боюнча келишимди жокко чыгарганы менен түшүндүрдү.
Молдова өкмөттүн кызматтан кетиши кеминде үч министрдин үстүнөн коррупция боюнча иликтөө жүрүп жаткан учурга туш келди.
Коммунисттердин лидери, мурагы президент Владимир Воронин бийликтеги коалицияны элди жакырлантты деп айыптады. (UE)