Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:59

Ташиевдин жактоочулары түндү облакимчиликтин имаратында өткөрөт


“Азаттыктын” кабарчысынын маалыматына караганда, “Ата Журт” партиясынын абактагы лидерлеринин бири, депутат Камчыбек Ташиевдин жактоочулары – алтымыштай аял түндү облакимчилик имаратында өткөрүүдө.

Негизинен Сузак районунун ар кайсы айылдарынан келген, арасында Баатыр энелер да бар аялдар акимчилик имаратына шейшембидеги нааразылык митингинен кийин киришкен.

“Ата Журт” партиясынын абактагы үч депутатынын (К.Ташиев, С.Жапаров, Т.Мамытов) бошотулушун талап кылган митингге, уюштуруучулардын айтымында, 200дөй, милициянын эсебинде, 60-70тей киши катышты.

Депутаттардын бошотулушу үчүн Жалал-Абадда нааразылык акцияларын уюштуруу боюнча комитеттин төрагасы Медер Үсөновдун билдиргенине караганда, 6-мартта облакимчилик алдында мөөнөтсүз митинг башталат. “Ата Журттун” абактагы депутаттары бошотулушун талап кылган митингдер шейшемби күнү Ош менен Караколдо да өттү. “Азаттыктын” кабарчыларынын баамында, бул эки митингге тең 300-400дөй киши чогулду.

Үч депутат былтыр 3-октябрда Кумтөр алтын кени боюнча нааразылык акциясынан кийин камалышкан. Алар бийликти басып алууну көздөгөн деп айыпталышууда. Учурда депутаттардын үстүнөн сот жүрүп жатат. (UE/YA)

XS
SM
MD
LG