Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:45

ЮНИСЕФ Израилди палестиналык балдарга жасалган мамиле үчүн сындады


Израил аскерлеринин камакка алынган палестиналык балдарга жаман мамиле кылуусу кеңири жайылган, системалык көрүнүшкө айланган. Ошондой эле Улуттар уюмунун Балдар фонду - ЮНИСЕФ бүгүн жарыялаган докладда Батыш Иордандагы оккупациялык аймакта жылына 12-17 жаш курагындагы 700 палестиналыкты Израилдин коопсуздук күчтөрү камакка алганы айтылат. Алардын көбү жөөт аскерлерин таш бараңга алгандар. ЮНИСЕФ балдарга жасалган мамилени эл аралык мыйзамга ылайык, “ырайымсыз, адамгерчиликсиз же кемсинтип-кордоо же жазалоо” деп мүнөздөйт. Докладда балдарга жаман мамиле кылуу: көзүн байлоо, колдоруна зоолу салуу, тилдөө, уруп-согуу камакка алганда башталып, соттоо менен аяктары айтылат.

XS
SM
MD
LG