“Ата Журт” партиясынын лидерлерин бошотуу талабы менен кечээ башталган мөөнөтсүз митинг бүгүн да шаардагы борбордук аянтта уланат. Мындан тышкары митингчилер Кумтөр алтын кенин мамлекетке кайтаруу талабын да коюшууда.
“Ата Журттун” депутаттарын бошотуу талабы менен 5-март күнү облустук акимчиликтин имаратына кирип алган аялдар өткөн түнү да ошол жакта түнөштү. Алардын мамлекеттик администрацияга мыйзамсыз кирип алуу аракети боюнча Жалал-Абад облустук ИИБ протокол түзүп, шаардык соттун кароосуна жиберген.(YA/ZKo)