Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:13

Акыйкатчы бийликти оппозициянын талаптарына көңүл бурууга чакырды


Акыйкатчынын маалымат кызматы тараткан маалыматка ылайык, Турсунбек Акун Ош жана Жалал-Абад шаарларында өтүп жаткан митингдердин көңүл бурарлык себептери бар деп эсептейт. Акыйкатчынын бийликке жазган катында “Кыргызстанда бийликке келген кишилер оппозицияны жеке душманы жана элдин касы катары эсептөө адаты бар, бирок алар деле биздин жарандар” деп айтылат.

Акыйкатчы азыркы бийлик оппоненттеринин ичинде Акаев менен Бакиевдин бийлик режимине каршы күрөшкөн адамдар бар экенин, ошол эле учурда азыркы бийликте отурган адамдардын арасында ошол эле президенттердин тушунда мамлекеттик жогорку кызматтарда отургандар бар болгонун белгилейт. Ошондой эле ал учурда бийлик башында тургандар оппозициянын талаптарын угуп, алар менен чогуу сүйлөшүүлөргө барууга тийиш деген сунушун билдирген.

5-март күнү “Ата Журттун” депутаттарын бошотуу, Кумтөр алтын кенин мамлекетке кайтаруу талабы менен Ош, Жалал-Абад жана Каракол шаарларында митинг болду. Кечээ ушундай эле талаптар коюлган митинг Нарын шаарында да өткөн.(ZKo)

XS
SM
MD
LG