Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:15

Жалал-Абадда митинг уланууда


Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтында "Ата-Журт" партиясынын соттолуп жаткан депутаттарын камактан чыгаруу талабын койгон митинг бүгүн да уланып жатат. Ага, милициянын айтымында, 200дөй киши келди. Ал эми уюштуруучулардын билдиргенине караганда, чогулгандардын саны 300дөн ашат. Облустук бийлик имаратынын ичине мурдагы күнү кирип алган аялдар да азырынча чыга элек. Бирок саны азайганын кабарчыбыз айтууда. Кечээ 63 аял деп кабарланып жаткан болсо, бүгүн 39. Алардын ар бирине "Ата-Журттун" лидери Камчыбек Ташиевди коргоо комитетинин атынан 8-Мартка карата бирден ак жоолук белекке тартууланды. (YA/RK)

XS
SM
MD
LG