Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:06

Жалал-Абадда аялдарды куттукташты

Жалал-Абад облусунун шаар-райондорунан чакырылган 500дөй аял үчүн облустук Барпы театрында эне-баланы даңктаган театрлаштырылган оюн-зоок көрсөтүлдү. Айымдарды өкмөттүн облустагы өкүлү Жусубалы Төрөмаматов, Жалал-Абад шаар мэри Муктар Арапбаев куттуктап, өнөрпөз эркектер ыр-күү тартуулады. 25 аял облустук бийликтин Ардак грамотасы жана баалуу белектер менен сыйланды.

Салтанатка келген майрам ээлери үчүн сый тамак да уюштурулду.(YA/RK)
Куржундар
XS
SM
MD
LG