Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:07

Казакстандык активист катаал режимдеги түрмөгө которулганы айтылууда


Казакстандык граждандык активист Вадим Курамшин өзү мурда өтө катуу сындап жүргөн түрмөгө которулганы айтылууда. Курамшиндин апасы Ольга Колтунова кечээ “Азаттыка” берген интервьюда ушу жумада уулу Тараздагы абактан түндүктөгү Петропавловск шаарындагы катаал режимдеги түрмөгө жөнөтүлгөнүн айтты. Былтыр августта сот Курамшинди прокурордон акча доолаган деп айыптап, эки жакка чыгуусун бир жылга чектеген. Курамшин Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунун Адам укугу боюнча конференциясына барып келгенден кийин прокурордун талабы менен иши кайра каралып, өткөн декабрда 12 жылга эркинен ажыратылган.

XS
SM
MD
LG