Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:15

Кытайдын Корла шаарында кытайлар менен уйгурлар кагылышты


Шинжаңдын бул шаарындагы кагылыштан, маалыматтарга караганда, бир нече адам каза тапкан.

“Эркин Азия” радиосу күбөлөргө шилтеме жасап кабарлагандай, кагылыш кечээ оюн автоматтары жайгашкан жайда болгон. Андан кийин шаарда коопсуздук чаралары күчөтүлгөн. Күбөлөрдүн айтымында, кагылыштан кытайлар да, уйгурлар да жабыр тартты.

Гонконгдо чыгуучу Wen Hui Bao басылмасы кагылыштан кеминде төрт адам каза таап, сегиз киши жаракат алганын жазды. Кытайдын мамлекеттик маалымат каражаттары окуя тууралуу кабарлашкан жок.

Уйгурлар ушул тапта Шинжаң чөлкөмүнүн 21 миллион калкынын 40% жакынын түзөт жана маданий, диний жактан кодуланып жатканын айтып жүрүшөт. (UE)

XS
SM
MD
LG