Венесуэла бүгүн өлкө президенти Уго Чавести акыркы сапарга узатуу боюнча мамлекеттик жөрөлгө өткөрүүдө. Иш-чара Бишкек убактысы боюнча саат 21:30да Каракастагы аскерий академияда башталды.
Чавестин тажиясына жүз миңдеген венесуэлалыктардан тышкары Латын Америка мамлекеттеринин көпчүлүк лидерлери катышууда. Тажияга Ирандын президенти Махмуд Ахмадинежад, беларус президенти Александр Лукашенко да барды.
Президентти акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсүнөн кийин вице-президент Николас Маудуро убактылуу мамлекет башчы болот. Шайлоо отуз күн ичинде өткөрүлөт деп күтүлүүдө.
Кечээ вице-президент Мадуро Уго Чавес менен эл дагы жети күн коштошкондон кийин анын сөөгү айнек табытка салынып, түбөлүккө коюларын жарыялаган:
- Хо Ши Мин, Ленин, Мао Цзедун сыяктуу биздин башкы командачыбыздын сөөгү Революция музейинде атайын ыкма менен бальзамдалып коюлат. Элибиз дайыма аны менен боло алышы үчүн жасаты айнек табыттын ичинде турат.
Уго Чавес рак илдетинен ушул шейшемби күнү каза тапкан. (UE)