Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:51

Таластагы жыйында өлкөдөгү абал талкууланууда


Талас шаарында "Кыргыз эл ынтымагы" кыймылы уюштурган элдик жыйын өтүп жатат. Алар "Улуу жыйын" деп атаган жыйынга өлкөнүн жети дубанынан адамдар келээрин айтышкан. Анда өлкөдөгү жалпы коомдук-саясий кырдаал талкууланаары кабарланган. Уюштуруучулар иш-чараны элдик курултай деп аташууда.

“Азаттыктын” аймактагы кабарчысы билдиргендей, катышуучулар шаардагы кафелердин биринде жыйналышты. Жергиликтүү активист, Таластагы алтын кендеринин иштетилишине каршы чыгып жүргөн Малик Байгожоев жыйын катышуучуларынын пикирлери, максаттары дал келбегендиктен таластык активисттердин ага катышуусу арсар экенин айтты. Анын билдирүүсүндө, жергиликтүүлөр Жерүй алтын кенинин ачылуусун талкуулашмак, ал эми жыйында саясий максат камтылса катышууга макул эмес.

Жыйынга болжол менен 200дөн ашуун адам чогулду. (MbA/AKu)

XS
SM
MD
LG