Линктер

жекшемби, 25-июнь, 2017 Бишкек убактысы 18:36

АКШ Мамдепартаменти “Каарман аял” сыйлыгын тапшырды


Вашингтондо жума күнү АКШнын биринчи айымы Мишел Обама жана мамлекеттик катчы Жон Керри катаал шартта социалдык жана жарандык укук үчүн күрөшкөн 9 аялга “Каарман аял” сыйлыгын тапшырды. Алардын арасында Ооганстандагы маңзат менен күрөшүү боюнча кызматтын лейтенанты, үч баланын энеси Малалай Бахадури жана орусиялык журналист Елена Милашина дагы бар. Нигериялык жарандык активист, сириялык укук коргоочу жана Нью Делиде автобустагы зордуктоодон кийин көз жумган индиялык Нирбхая да быйылкы сыйлык алгандардын катарында.

“Каарман аял” сыйлыгы жыл сайын Аялдардын Эл аралык майрамы – 8-март күнү тапшырылат. 2011-жылы бул сыйлыкка Кыргызстандын ошол кездеги президенти Роза Отунбаева татыктуу болгон.

XS
SM
MD
LG