Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:02

УКМКнын абагындагы Алмазбек Абеков ачкачылык кармоосун улантууда


"Альфа Телеком" жабык акционердик коомунун башкы директорунун кеңешчиси Алмазбек Абеков 7-мартта жарыялаган ачкачылыгын улантууда. Анын адвокаты Икрамидин Айткуловдун "Азаттыкка" билдиришинче, УКМКнын тергөө абагында кармалып турган Абеков Биринчи май райондук сотунун камакта калтырган чечимине нааразылыгын билдирип, ачкачылык жарыялаган.

- Абеков өзү иштеп чыккан “Алиппе ТВ” аттуу долбоордун негизинде алыскы аймактардагы окуучуларды жалпы республикалык тестирлөөгө даярдоону максат кылган эле. Мындан улам буга мүмкүнчүлүк берүүнү суранып, сотко кайрылганбыз. Абековдун мындай демилгесин Билим берүү жана илим министри Канат Садыков да колдоп, соттон анын баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарууну суранган. Бирок сот 6-мартта муну канааттандырган жок. Ошондуктан Абеков бейшембиден тарта ачкачылык баштады, - деп билдирди Айткулов

УКМК «Альфа Телекомдун» ошол кездеги башкы директору Азамат Мурзалиевди, жоопкерчилиги чектелген “Новострой сервис” коомунун башчысы Аман уулу Кенжебек жана “Альфа Телекомдун” башкы директорунун кеңешчиси Алмазбек Абековду 2012-жылдын январь айында камаган. Аларга 49 пайыздык үлүшү мамлекетке караган «Альфа Телеком» ишканаcына 142 миллион сомдон ашык зыян келтирди деген айып тагылган.

XS
SM
MD
LG