Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:29

Бакуда демонстранттар кармалды


Азербайжандын баш калаасында армиядагы жоокерлердин зордук-зомбулукка кабылып жатканына каршылык билдирген жүздөгөн демонстранттар көчөгө чыкты. Полиция чогулгандарды желим октор менен атып, көздөн жаш чыгарган газ колдонуп, суу бүрктү. “Азаттыктын” азери кызматы ондогон демонстранттар кармалганын дагы билдирет. Фонтандар аянтына полициянын атайын куралданган тобу жайгашып, жолдор тосмолонду.

Мындан мурун укук коргоо органдары бир нече активистти кармаган. Алардын үчөөнө маңзат тараткан жана мыйзамсыз курал алып жүргөн деген айып тагылууда. Оппозициянын өкүлдөрү болсо бийлик мындай аракеттери менен жекшембиге пландалган демонстрациянын болтурбоонун амалын көргөнүн айтышууда.

XS
SM
MD
LG