Ооганстандагы америкалык генерал ооган президенти Хамид Карзайдын акыркы жардырууларга байланыштуу билдирүүсүн четке какты. Мамлекеттик телеканалда cүйлөгөн Карзай талибдердин акыркы кол салуулары АКШнын кызыкчылыгындагы иш болду деп билдирген. Ишембиде 20га жакын адамдын өмүрүн алган жардырууларды комментарийлеген ооган президенти мындай жол менен талибдер да, АКШ да 2014-жылдан соң өлкөдө абал оорлой турганын далилдегиси келип жатат деген божомолун айткан.
Хамид Карзайдын мындай билдирүүсүн четке каккан НАТОнун Ооганстандагы күчтөрүнүн командачысы, америкалык генерал Жозеф Данфор акыркы 12 жылда бул өлкөдө көп сандагы америкалык аскер каза тапканын, мындан улам ар кыл жардыруулар АКШнын кызыкчылыгына туура келет деген пикир жаңылыш экенин билдирди.