Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:54

Москвада Түркстан ислам партиясынын лидери кармалды


Москвада Түркстан ислам партиясы - ТИПтин лидери деп шектелген адам кармалды. Орусиянын ички иштер министрлиги бүгүн билдиргенге караганда, 1-мартта кармалган Өзбекстан жараны Абдулхафиз Холмурадов ТИПтин Москвадагы бөлүмүн жетектеген деп шектелүүдө. Холмурадов менен жардамчылары жергиликтүү мусулмандарды чет өлкөлөрдөгү аскердик базаларда машыктыруу үчүн жалдап жүрүшкөн. Өзбек бийликтери Холмурадовду террорчулукка жана экстремизмге катыштыгы бар, өкмөттү төңкөрүүгө аракет кылган деп күнөөлөп, анын издөөдө жүргөнү айтылат.

Ырасмий билдирүүгө караганда, Холмурадов Ташкенге өткөрүлүп берилиши мүмкүн. Өзбекстан ислам кыймылы - ӨИК катары да белгилүү Түркстан ислам партиясынын талиптер жана “ал-Каида” менен байланышы бар экени айтылып жүрөт. ӨИК өз максаты Борбор Азияда ислам халифатын куруу экенин мурда жарыя кылган.

XS
SM
MD
LG