Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:10

Украин журналисти сириялык адаватчылардан качып чыкты


Сирияда уурдалган украиналык журналист туткундан качып чыкканын Украинанын маалымат булактары кабарлады. Анхар Кочневанын туугандарынын журналисттерге айтымында, ал азыр Дамаскиде эсен-соо экен. Бул кабарды көз карандысыз булактар тастыкташа элек. Анхар Кочнева октябрь айында Сирия өкмөтүнө каршы күрөшүп жаткан Эркин Сирия армиясынын бир бөлүгүбүз деген топ тарабынан уурдалган. Ал ноябрда жарыяланган видеотасмада Орусиянын коопсуздук кызматынын агенти экенин айтып, барымтачылардын талабын аткарууга үндөгөн. Анхар Кочнева билдирүүнү аргасыздан жасаганбы белгисиз. Барымтачылар кийин өз сайтында жасаган билдирүүсүндө Кочневанын башы үчүн 50 млн. доллар сурабадык деп чыккан.
Украинанын тышкы иштер министрлиги буга чейин Сириянын ырасмий адамдары менен журналистти бошотуп алуу боюнча сүйлөшүп жатканын билдирген.

XS
SM
MD
LG