Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:03

Былтыр коррупцияга каршы 1180 кылмыш иши козголгон


Бул тууралуу башкы прокурор Аида Салянова бүгүн парламенттеги мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитеттин жыйынында билдирди. Анын ичинде 964 кылмыш иши прокуратура органдары тарабынан, 89 ишти өкмөттүн алдындагы экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы, 82 кылмыш иши Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматы тарабынан козголгон. Салянованын айтымында коррупциялык кылмыштардын айынан мамлекет 1,4 млрд. сом зыянга учураган. Баш прокурор кылмыштардын көпчүлүгү кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренеси боюнча козголгонун, учурда 482 иш прокуратура тарабынан сотко өткөнүн кошумчалады. (JAk)

XS
SM
MD
LG