Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:20

ЖККУ баш катчысы кыргыз тышкы иштер министри менен жолугушууда


Бүгүн эртең менен Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун баш катчысы Николай Бордюжа Кыргызстанга келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Николай Бордюжа ушул тапта тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев менен жолугушууда. Ал эки күндүк сапарынын жүрүшүндө президент Алмазбек Атамбаев, коргоо кеңешинин катчысы Бусурманкул Таабалдиев, коргоо министри Таалайбек Өмүралиев менен жолугат. Анда ЖККУ баш катчысы былтыр декабрда Бишкекте өткөн ЖККУнун жыйынында кабыл алынган чечимдердин аткарылышы тууралуу өлкө жетекчилерине маалымат берет. Бордюжа менен президент Атамбаевдин жолугушуусу жабык өтө турган болду.

Кыргызстан 2012-жылы декабрда Казакстандан ЖККУга төрагалык кылуу милдетин өткөрүп алган. (JAk/BkA)

XS
SM
MD
LG