Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:10

Бишкекте курултайчылар бийликке кайрылуу кабыл алышты


Бишкектеги Ала-Тоо аянтында өткөн курултайдын соңунда “Кыргызстанды сактоо” кыймылы бийликке кайрылуу кабыл алды. Кыймылдын жетекчиси Мукар Чолпонбаевдин билдиришинче, бул кайрылуу камактагы депутаттарды куугунтуктоону жана Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келген кендерди казууну токтотуу, 1993-жылкы Конституцияга кайтып келүү, 2010-жылдын 7-апрелиндеги талап-тооночулукту адилет иликтөө өңдүү сегиз талапты камтыйт.

“Кыргызстанды сактоо” кыймылы 1993-жылкы Конституцияны кайтаруу талабын аткаруу үчүн бийликке 7-апрелге чейин убакыт берди.

"Азаттыктын" кабарчылары билдиргендей, курултайдын катышуучулары аянттан тарап кетишти. Уюштуруучулар иш-чарага миңдей киши келгенин айтса, айрым байкоочулар катышуучулардын саны 300-400дүн тегерегинде болгонун билдиришти. (ZB/KKs)

XS
SM
MD
LG