Мамлекеттик “Анадолу” жаңылыктар агенттигинин кабарына караганда, Күрт жумушчу партиясы – ПКК бошоткон сегиз түрк акыркы эки жылда алар тарабынан Түндүк Иракта барымтада кармалып турган. Эркиндикке чыккандардын алтоосу аскер, бирөөсү полицей, бирөөсү жергиликтүү бийлик өкүлү. Түрк өкмөтүнүн вице-премьер министри Бешир Аталай окуяны “жакшы санаалаштыктын жышааны" деп атады.
Кабарларга караганда, барымтадагылар күрттөрдүн абактагы лидери Абдулла Өжаландын өтүнүчүнөн кийин бошотулушкан. Бул - ошондой эле Түркиянын азыркы өкмөтүнүн ПКК баштаган күрт козголоңчулары менен тынчтыкка жетүү аракетинин алкагындагы иш.
ПККны Түркия жана эл аралык коомчулуктун басымдуу бөлүгү террорчул уюм катары санайт. Алардын 1984-жылдан берки куралдуу козголоңу учурунда 30 миңдей кишинин өмүрү кыйылган. (UE)