Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:20

Бишкектин капиталдык курулуш башкармасы кызматтан кетти


Бишкектин Капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Марат Мияров кызматтан кетүү тууралуу арызын шаар мэрине тапшырды. Бул маалыматты Мияровдун өзү “Азаттыкка” тастыктап, буга шаардык кеңештин өзүнө ишеним көрсөтпөө чечими себеп болгонун билдирди.

Айрым маалымат каражаттары шаар башчысы Иса Өмүркулов вице-мэр Вячеслав Красиенкону кызматтан алганын жазып чыгышты. Бирок мэриянын басма сөз кызматы бул маалыматты тастыктай элек.

Жума башында Бишкек шаардык кеңеши кезексиз жыйынга чогулуп, “Республика” фракциясынын мэр Иса Өмуркуловго ишеним көрсөтпөө сунушун колдогон эмес. Кеңеш мэрге үч ай мөөнөт берип, бул мөөнөт ичинде айрым муниципалдык кызмат жетекчилерин иштен алууну сунуштаган. (KKs)

XS
SM
MD
LG