Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:35

Күрт сепаратисттери туткундагы түрк аскерлерин бошотту


Түркиянын мамлекеттик Анадолу агенттигинин билдиришинче, тыюу салынган Күрт жумушчулар партиясы (ПКК) Ирактын түндүгүндө эки жылдан бери туткунда кармалып жаткан түркиялык бир нече аскер жана мамлекеттик кызматкерди бошотту. Мындай жыйынтык Күрт жумушчулар партиясы менен расмий Анкаранын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн соң жетишилди. Маалыматтарга ылайык, күрт согушкерлери туткунда алты аскерди, бир офицерди жана бир жергиликтүү бийлик өкүлүн кармап турушкан. Өткөн айда Түркияда Күрт жумушчулар партиясынын камактагы лидери Абдулла Өжалан түрк бийликтери менен жүргүзгөн сүйлөшүүлөрдүн алкагында, өз тарапкерлерин туткундагы аскерлерди бошотууга чакырган.

Тыюу салынган Күрт жумушчулар партиясы Түркиянын түштүк-чыгышында Күрт автономиясына жетүү үчүн куралдуу күрөш баштаган 1982-жылдан берки кагылыштарда 30 миңден ашуун адам өлгөн.

XS
SM
MD
LG