Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:06

Мурзалиевди үй камагына чыгаруу өтүнүчү келтирилди


Бүгүн Бишкектин Биринчи май райондук сотунда “Альфа Телеком” ишканасынын мурдагы жетекчиси Азамат Мурзалиевдин баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгаруу өтүнүчү боюнча сот чечими чыгат. Мындай өтүнүчтү кечээки соттук жараянда анын адвокаты Виктория Каргабаева келтирди. Адвокаттын айтымында, Мурзалиевдин ден соолугу кескин начарлап, ооруканада дарыланышы керек болуп жатат.

Ишти карап жаткан сот адвокаттын өтүнүчү тууралуу бүгүн чечим чыгарат.
«Альфа Телеком» ишканаcынын мурдагы башкы директору Азамат Мурзалиев, жоопкерчилиги чектелген “Новострой сервис” коомунун башчысы Аман уулу Кенжебек жана “Альфа Телекомдун” башкы директорунун кеңешчиси Алмазбек Абеков ишканага 142 миллион сомдон ашык зыян келтирди деген айып менен былтыр январь айында камалган. Тергөөнүн жүрүшүндө компаниядан дагы 6 миллион доллар оффшордук аймакка чыгарылганы аныкталган. Айыпталуучулар өздөрүнө коюлган дооматтарды четке кагып келишет. (BkA)

XS
SM
MD
LG