Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:31

Ысык-Көлдө Түп-Кеген жолун салуу уланат


Ысык-Көл облусундагы Түп-Кеген жолун салууну улантуу үчүн республикалык бюджеттен 37 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ысык-Көл облустук өндүрүштүк-тилкелик авто жол башкармалыгынын жетекчиси Кудайкул Күчүков билдирди. Өткөн жылы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Ысык-Көлгө барганда, Түп районунун жергиликтүү тургундары жолдун курулушун улантууну талап кылышкан.

Маалыматка ылайык, Түп - Кеген жолу 2008-жылы салына баштап, 30 чакырымы бүткөн.

«Жол Санташ айылына чейин бүткөрүлгөн. Быйыл жолдун курулушун улантып, 40-чакырымы болгон Сары-Тологой айылына чейин бүтүрүп алсак деп пландап атабыз”,-деди Кудайкул Күчүков. (MK)

XS
SM
MD
LG