Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:15

Өзбекстан ислам кыймылы жандандыбы?


Өзбекстан ислам кыймылынын согушкерлери Ооганстандын Кундуз аймагында. (Сүрөт качан тартылганы белгисиз.)
Өзбекстан ислам кыймылынын согушкерлери Ооганстандын Кундуз аймагында. (Сүрөт качан тартылганы белгисиз.)

1999-2000-жылдары Кыргызстанга кол салган террорчул кыймыл иш-аракетин кайра жанданта баштаганы айтылууда.

1990-жылдардын башында Фергана өрөөнүндө түптөлүп, азыр Ооганстан менен Пакистан чек арасында баш калкалап жүргөн Өзбекстан ислам кыймылынын (ӨИК) айрым согушкерлери Тажикстан, Кыргызстан жана Өзбекстанга кирүүгө аракеттенип жатканын айрым маалымат булактары жазып чыкты.

Бул тууралуу жазган “Интерфакс-Казакстан” агенттиги Өзбекстандын коопсуздук кызматынын мүчөсүнө жана коопсуздук боюнча серепчиге шилтеме жасоодо. Интервью бергендердин божомолунда, ӨИК Фергана өрөөнүндө ушул жазда күчтөнөт. Буга жакында Тажикстанда ӨИКтин айрым мүчөлөрүн кармоо башталганы мисал катары келтирилет. Атын атабаган өзбек улуттук коопсуздук кызматынын өкүлү агенттикке Ооганстан менен Пакистан чектешкен аймактарда кыймылга жаңы адамдарды тартуу боюнча иштер башталганын билдирген.

Өзбекстан ислам кыймылы негизинен Ислам Каримовдун өкмөтүн кулатып, Ислам халифатын орнотууну көздөөрү айтылып жүрөт. Учурда кыймылдын мүчөлөрүн Пакистандын тоолуу Вазиристан аймагында баш пааналап жүрөт деп эсептелинет.

Москвадагы Карнеги аналитикалык борборунун Борбор Азия жана Жакынкы Чыгыш боюнча адиси Алексей Малашенко бул кыймылдын жанданышы боюнча маалыматка ишенүүгө бир нече факторлор бар экенин "Азаттыкка" мындайча айтып берди:

- Биринчиден, Өзбекстан ислам кыймылы барбы же жокпу деген суроо бар. Көптөгөн аналитиктер, изилдөөчүлөр акыркы жылдары алар жок болду деп жазып жатышат. Мен бул кыймыл сакталып калганын айтып келгем. Алар оор күндөрдү башынан кечиришти көрүнөт. Бирок алар күч топтошту. Жазында кандайдыр бир нерселерди жасайт дегенге мен ишенээр элем. Себеби алардын базалары Ооганстанда сакталган, чачыранды түрдө Фергана өрөөнүндө да бар.

Алексей Малашенко кыймыл эмне себептен ушул жазда жандана баштаганын да түшүндүрө кетти:

- Негизинен алар атайын кызматтарга белги берип жатышкандай. Бул принципиалдуу маселе. “Биз барбыз” деген ойду айткылары келип жатат. Чын эле алар бар экени далилденсе, бул кыймылдын эл аралык байланыштарын карап чыгуу кызыктуу болот. Жакынкы Чыгыштагы окуяларга байланыштуу идеологиясында өзгөрүүлөр болдубу, аларды ким колдойт, ким каржылайт – ушул суроолор кызыктуу. Бир-эки жума, ашып барса бир жарым ай күтүш керек.

Буга улай эле Кыргызстандын мамлекеттик чек ара кызматынын башчысы Токон Мамытов да кандайдыр бир террорчул күчтөр Борбор Азияга жакындап келе жатканынын белгилери байкала баштаганын маалымдады:

- Мындан 3-4 күн мурун Тажикстан менен Ооганстандын чек арасында талиптер менен ооган өкмөтүнүн куралдуу күчтөрүнүн ортосунда кадимкидей эле согуш болуп, анын негизинде 40ка жакын адам, көбүнчө ооган өкмөтүнүн аскерлери каза болду. Бул деген - талиптер жана башка куралдуу күчтөр Борбор Азияга жакын келгендигинин белгилери.

Токон Мамытов азыр Өзбекстан жана Тажикстандын чек ара кызматтарынын башчылары менен жолугушуулар өтүп, коопсуздук биринчи орунда турганын баса белгиледи. Коопсуздук боюнча чараларды күчөтүүгө 2014-жылы НАТО аскерлеринин Ооганстандан чыгышы да себеп болууда.

12-мартта Токон Мамытов Тажикстандын Исфара шаарында бул өлкөнүн чек ара кызматынын жетекчисинин орун басары Шерали Мирзо менен жолугушту.

Коопсуздук боюнча кыргызстандык талдоочу, генерал Артур Медетбеков тескерисинче, азыр Өзбекстан ислам кыймылы Борбор Азияга кирип келе албастыгын айтып, ага үч себеп менен негиздейт:

- 1999-жылдагыдай болуп, 200-300 киши чек арадан өтө албайт, азыр абал 99-жылдагыдай эмес. Кыргызстан Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна мүчө болгон соң Кантта Орусиянын ар кандай учактары бар, алар да чоң тоскоолдук кылат. “Манас” аэропортунда жайгашкан НАТОнун террорчуларга каршы транзиттик борбору да өз салымын кошуп жатат.

Бирок ошентсе да Артур Медетбеков чек арага көңүл буруу дагы да күчөтүлүш керектигин белгилейт.

Өзбекстан ислам кыймылы деп аталган куралдуу топ эки жыл катары менен - 1999-2000-жылдары Кыргызстандын аймагына кол салган. Бул окуя “Баткен коогалаңы” деген ат менен тарыхта калды. Андагы кагылыштарда Кыргызстан жетимиштен ашуун аскеринен ажырап, жүздөгөн жоокерлер жараат алышкан. Ошондой эле армиянын жана башка күч түзүмдөрүнүн чыгымына деп миллиондогон сомдор жумшалып, бирок каражаттын көбү орто жолдон жок болуп кеткендиги жазылып жүрөт.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG