Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:32

Орусияда ксенофобия, расизм күчүндө кала берүүдө


Москвада жайгашкан "Сова" борборунун билдиришинче, Орусияда былтыр бөтөндөргө карата жек көрүүчүлүк жана ашынган улутчулдук жогорку деңгээлде сакталып калды. 2012-жыл боюнча даярдаган отчетунда жек көрүүчүлүккө байланышкан кол салууларда былтыр Орусияда 19 киши өлтүрүлүп, 200 чактысы жараат алгандыгы айтылат. Уюмдун эксперттери радикал улутчулдар сырткы көрүнүшү славянга окшобогондорго гана кол салбастан, расизмге каршы чыккан активисттерди жана сексуалдык азчылыктар менен алардын колдоочуларын да бутага алышаарын белгилешет. Адистер ошондой эле Орусияда полиция негизинен көз караштарын интернетте ачыктаган ашынган улутчулдар менен расисттерди кылтакка түшүрүү менен алек болуп, улуттук жана сексуалдык азчылыктарга каршы зомбулукту көз жаздымда калтырып келатышканын сынга алышты.

XS
SM
MD
LG