Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Австриянын мамлекет башчысы Хайнц Фишер менен тар жана кеңири чөйрөдө жолугушту. Атамбаев өз сөзүндө Австрия президентинин бул сапары эки өлкөнүн кызматташтыгынын өнүгүшүнө түрткү болоорун, Кыргызстан Австрия сыяктуу демократиялык нукта өнүккөн өлкөлөрдөн көп нерсе үйрөнүүгө кызыкдар экенин билдирди.
Ошондой эле кыргыз президенти австриялык жана жергиликтүү ишкерлер биргелешкен бизнес долбоорлорду ишке ашыраарына ишенээрин кошумчалады.
Хайнц Фишер да Австрия Борбор Азиядагы өлкөлөр менен кызматташууга кызыкдар экенин, региондо маанилүү орунга ээ болгон Кыргызстанга сапар жөн жеринен тандалып алынбаганына токтолду. Бул Австрия президентигин Кыргызстанга жасаган биринчи расмий визити. (ZB/BkA)