АКШ президенти Барак Обама Иран бир жылдын ичинде өзөктүк куралды өндүрүшү мүмкүн деп билдирди. Бул тууралуу Израилдин мамлекеттик телеканалына курган маегинде билдирген Обама Кошмо Штаттар буга жол бербөө үчүн бардык жолдорду караштырып жатканын кошумчалады. Обама бул маекти келерки жумада боло турган Израилге сапарынын алдында берди. Ак үй өкүлдөрү бул сапар АКШ менен Израилдин өнөктөштүк алакасын бекемдөө максатын көздөөрүн билдирүүдө. Президенттин кеңешчиси Бен Родс журналисттерге маалымдагандай, сапардын жүрүшүндө Обама Израилдин президенти Шимон Перес, премьер-министри Бинямин Нетаняху менен Сириядагы согушту, Иран-Израил-Палестин мамилелерин талкуулайт.
Ошондой эле бул сапар учурунда Барак Обама Батыш жээктен Палестинанын президенти Махмуд Аббас жана Иордан королу Абдалла менен жолугат.
Обама расмий сапар менен Израилге алгач ирет барганы жатат.
Ошондой эле бул сапар учурунда Барак Обама Батыш жээктен Палестинанын президенти Махмуд Аббас жана Иордан королу Абдалла менен жолугат.
Обама расмий сапар менен Израилге алгач ирет барганы жатат.