Камбар-Ата-1 ГЭСинин техникалык-экономикалык негиздемеси кеч күз менен даярдалып бүтөт. Энергетика жана өнөр-жай министри Автандил Калманбетовдун “Азаттыкка” билдиришинче, март айынын ичинде негиздемени иштеп чыгам деген беш фирманын бири тандалып алынат. Ал фирма беш айдын ичинде ГЭСтин техникалык-экономикалык негиздемесин даярдап чыгууга тийиш. Негиздеме иштелип чыккандан кийин ГЭСтин курулушу качан башталаары анык болот.
Жогорку Кеңеш Камбар-Ата-1 боюнча Орусия менен келишимди ратификациялаган. Келишимге ылайык, ГЭС Орусиянын каржылык колдоосу менен курулуп, ага эки өлкө тең жарымдан ээлик кылат. Министр Калманбетов белгилегендей, азыр бул келишим Орусияда ички процедуралардан өтүп жатат. (KKs)