Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:20

Ош шаарынын аянты 3,6 миң гектарга кеңейди


Бул тууралуу Ош мэриясынын шаар куруу жана менчик башкармалыгынын өкүлү Таирбек Муратов “Азаттыкка” билдирди. Анын белгилешинче, буга чейин Кара-Суу районуна карап келген Нариман, Папан, Төлөйкөн, Кызыл-Кыштак айыл округдарынын жерлери шаарга кошулду. Шаардын мурдагы аянты 14,5 миң гектар болсо, азыр ал 18,2 миң гектарга чейин кеңейди.

Ош облусунун айрым жерлерин шаарга өткөрүү боюнча өкмөттүн токтому 2004-жылы чыккан. Нааразы тараптар болгондуктан, соттошуулар ушул күнгө чейин уланып келген. Акыры Жогорку Сот бул маселеге чекит коюп, шаар бийлигинин пайдасына чечип берген. (ErN)

XS
SM
MD
LG