Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:21

Кыргызстан туризм тез өнүгүп бараткан 10 өлкөнүн катарына кирди


Дүйнөлүк саякат жана туризм кеңеши (World Travel and Tourism Council – WTTC) чыгарган жаңы баяндамада Кыргызстан туризм тармагы тездик менен өнүгүп жаткан алдыңкы 10 өлкөнүн тизмесинде үчүнчү орунда турат. Бул уюм 2012-жылы туризм менен саякаттан түшкөн киреше өлкөнүн улуттук дүң өндүрүшүнө канчалык салым кошконун эсептеп чыгып, тизме жарыялаган.

Өткөн жылдан тарта Кыргызстан 44 өлкөнүн жарандарына визаны жоюп, чет элдик туристтердин санын арбыткан. Өлкөдө туризм жаатында эмгектенгендердин саны 24,8% өскөн. Жалпысынан өткөн жылы туризм тармагы 21,6% өскөн, бул болсо улуттук дүң өндүрүштүн 3% түзгөн.

Туризм тездик менен өнүгүп бараткан 10 өлкөнүн тизмесине: Катар, Азербайжан, Кыргызстан, Монтенегро, Өзбекстан, Беларус, Панама, Филиппин, Тунис, Чили кирген.

XS
SM
MD
LG