Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:04

Булатов: 27 кабаттуу имаратта жарака бар


Укук коргоочу Качкынбек Булатов Борбор Азиядагы эң бийик имарат болчу Бишкектеги "Руби Парктын" имараты шаардыктар үчүн кооптуу болгонун билдирди. Качкынбек Булатовдун айтымында, ал 2009-жылы эле имараттын ичинде жаракаларды байкаган.

- Мен азыр ал имаратты колдонууга бербегиле деп айта албайм. Ал жер соода жана көңүл ачуучу борбор болсо, баарыбыздын эле балдарыбыз, небере, чөбөрөлөр барат да. Кийин Москвадагы аквапарктын имараты сыяктуу басып калсачы? Ошону да түркиялыктар курушкан.

Укук коргоочу имараттын жанында жашаган тургундар да анын оңтойсуз жерге курулганына, бала бакча, үйлөргө жакын болгонуна нааразы экенин белгиледи. Качкынбек Булатов 2009-жылы архитектор-сейсмолог Түлөбай Кеңешов бул имарат нормага ылайыксыз курулуп жатканын айтканы үчүн кызматтан алынганын, имаратта бир нече мамлекеттик жетекчилердин кызыкчылыгы болгонун кошумчалады. Ал курулуштун кооптуу экенин эми гана айтып чыкканынын себебин мурдагы бийлик тушунда сөз айтуу кооптуу болгону менен түшүндүрдү.

Ал эми соода жана көңүл ачуу борбору катары курулуп жаткан бул имараттын кызматкерлери жакын арада расмий маалымат беришерин билдирди. Маалыматтарга ылайык, 27 кабаттуу имаратты түркиялык ишкер курууда. Эс алуу жайы жакынкы күндөрү ачылары айтылып жаткан. (AKu)

XS
SM
MD
LG