Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:07

Аксы окуясына 11 жыл толду


Аксы окуясынын 11 жылдыгына карата президент Алмазбек Атамбаев кыргызстандыктарга кайрылуу жолдоду. Анда "биз Аксы жана апрель баатырлары эңсеген адилеттүү, күчтүү, өнүккөн Кыргызстанды курууга милдеттүүбүз! Эл өз баатырларын эч качан унутпайт! Кайсы бир бузуку күчтөргө, саясатчыга алданып, элибиздеги, жерибиздеги тынчтыкты, ынтымакты жоготуп албайлы" деп айтылат.

Эртең, 17-март - Аксы окуясын эскерүү күнү. Мындан 11 жыл мурда ошол учурдагы Жогоку Кеңештин камакка алынган депутаты Азимбек Бекназаровду бошотууну талап кылып, шайлоочулар митингге чыккан. Аксы районунун борбору Кербен шаарына бараткан митингчилерди Бозпиек айылында тартип коргоо кызматкерлери токтоткон. Чогулган элге ок атылып, 17-18-мартта алты адам набыт болгон. (AKu)
XS
SM
MD
LG