Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Март, 2023-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:14

Эл аралык насыячылар Кипрге 10 миллиард евро жардам көрсөтөт


Брюсселде бул тууралуу Евро-аймактын каржы министрлери менен Эл аралык Валюта корунун өкүлдөрү жарыялашты.

"Евро-топ Кипрге каржылык жардам көрсөтүү бул жумурияттын жана жалпы эле Евро-аймакты финансылык туруктуулугун кепилдейт деп эсептейт. Евро-топ бул программаны каржылоого Валюта корунун да салымын күтөт", - деди Голландиянын каржы министри, Евро-топтун төрагасы Жерон Диж Сел Блөм.

Буга чейин Евро-аймакта төрт өлкө - Греция, Ирландия, Португалия жана Испания карыз кризисинен улам эл аралык жардам сурашкан. Кипр 17 миллиард евро сурап жаткан эле. Жер ортолук деңизиндеги бул арал-мамлекетке Орусия эки жарым миллиард доллар карыз бериши мүмкүн деп кабарланууда.

XS
SM
MD
LG