Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:11

Атамбаев энергетиканын баасы боюнча манипуляцияны токтотууну талап кылды


Бул тууралуу өлкө президенти Алмазбек Атамбаев Коргоо кеңешинин кезектеги жыйынында билдирди. Ал энерго компаниялар кирешелүү эмес деген билдирүүлөргө кошулбастыгын, андыктан электр жарыгынын баасы боюнча манипуляцияларды токтотууну талап кылды. Мындан сырткары бул тармакты туура башкаруу зырылдыгын белгилеп, Максим Бакиев менен Ширшовдун схемасы же анын шылтоо кылып иштегендер кызматтан кетиши керектигин кошумчалады.

“Кыргызстанда электр жарыгына баа эң арзан. Ошол себептүү бааны көбөйтөбүз деген жетекчилер бар. Электр жарыгы бизден чыгат. Арзан болсо элге жакшы”, - деди Атамбаев.

Коргоо кеңешинин жыйынында энергетикалык коопсуздук жана улуттук биримдик концепциясынын долбоору талкууланып жатат.(КЕ)

XS
SM
MD
LG