Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:58

Атамбаев: кыргыз тилин баары билиши керек


Алмазбек Атамбаев бүгүн Коргоо кеңешинин жыйынында кыргыз тилине жакшы мамиле болмоюнча, өлкөдө туруктуулук, ынтымак болбой турганын белгиледи. “Биз кимдир бирөөгө жакса да, жакпаса да кыргыз тилин өнүктүрүп, тилди үйрөнүшүбүз керек. Мамлекеттик тил өлкөдөгү негизги өзөк болушу зарыл”, - деди президент. Атамбаев Жогорку Кеңештин алыскы, жалаң кыргыздар жашаган аймактарда иш-кагаздары мамлекеттик тилде жүргүзүлөт деген чечими көп талкууну жаратканын, кимдир бирөөлөр "чымындан пил жасап" жатканын кошумчалады.

“Мен азыр анлис, немис тилдерин үйрөнүп жатам. Башка тилди үйрөнүү шарты кыргыз тилин үйрөнүүдөн бир топ начар. Бул жерде чөйрө бар. Эгер адам кааласа үйрөнөт, каалабаса "Атамбаев расмий тилди кысып атат, Жогорку Кеңеш жаман" деп айтышат. Мамлекеттик тилди билиш керек. Кээ бир саясатчылар чуу чыгарып, элчиликке, Орусияга кайрылуу жолдоп жатышат. Бул уят”, - деди Атамбаев.

Мамлекет башчы кыргыз тили менен бирге орус тилин да өнүктүрүү зарылдыгын, бул тил кыргызстандыктарга абдан керек экенин кошумчалады.

Өткөн аптада Жогорку Кеңеш “Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамга жана Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекске киргизилген өзгөртүүлөрдү караган. Ага ылайык, мамлекеттик кызматка кыргыз тилин билгендер гана экзамендин негизинде кабыл алынат. Парламенттеги орус тилдүү айрым депутаттар кыргыз тилин мамлекеттик чиновниктерге үйрөтсө эле ал өнүгүп кетпестигин билдиришти. (КЕ)

XS
SM
MD
LG