Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:58

Кипр кудуретсиздиктен кутулуунун катаал жолун тандоодо


Бүгүн Кипр парламенти өлкөнү кудуретсиздиктен сактоо үчүн аманатчылардын банктагы акчаларынын бир бөлүгүн кармап калуу жөнүндө мыйзам долбоорун колго салат. Кипр өкмөтү менен эл аралык кредиторлор ишемби күнү жетишкен келишим – Кипрди 10 млрд евро шашылыш насыяны алыш үчүн аманатчылардын банктагы депозиттеринен 10 процент салык төлөгөнгө чакырат. Мындай планга кипрликтер нааразы. Бул жөнүндө Москвадагы Карнеги борборунун талдоочусу Николай Петров: “Евробиримдиктин шарты боюнча, Кипр банктагы депозиттерге салыкты көбөйтүшү шарт. Бул орус өкмөтүндө мыяткерлери бар орусиялык аманатчыларга катуу тиери түшүнүктүү”,-деди Ройтерс агенттигине.

Кипр Республикасынын президенти Никос Анастасиадис жекшемби күнү жарандарга кайрылып, өлкөнү кудуретсиздиктен сактоо жана евромейкиндикте калуусу үчүн мындан башка чара жок деп билдирди.

XS
SM
MD
LG