Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:19

Италиянын элчиси Индиядан чыгып кете албайт


Индиянын Жогорку Соту Италиянын элчиси дипломаттык иммунитетке жамына албайт жана италиялык деңизчилерге байланыштуу талаш жөнгө салынганча Индияда калыш керек деп чечти. Италиялык мунай тартчу кемени күзөткөн италиялык эки деңизчи былтыр индиялык эки балыкчыны каракчы деп жаңылып, атып салган. Индиянын соту моряктарды шайлоого катышуусу жана Пасханы майрамдап келүүсү үчүн Италияга коё берген болчу. Бирок өткөн аптада Италия бийликтери эки морякты Индияга кайта жибербесин, алар өз мекенинде соттолоорун билдиргенден кийин Рим жана Жаңы Дели ортосунда дипломаттык араздашуу башталган. Италиянын элчиси Даниэл Манчини буга чейин Индия өкмөтү менен моряктарды күрөөгө бошотууну макулдашып, алар мекенине барып- келип турган. Келерки сот 2-апрелде болмок.

XS
SM
MD
LG