Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Март, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:54

Индонезиянын Lion Air компаниясы кеңейүүдө

Индонезиянын жеке менчик Lion Air авиакомпаниясы Европанын Airbus концернинен кыска каттамдарга каттачу 234 учак сатып алат. 18, 4 млрд евролук (24 млн доллар) келишимге дүйшөмбү күнү Парижде Франция президентинин сарайында кол коюлду. Биринчи учак 2014-жылы даяр болот. 2011-жылы Lion Air  АКШнын Boeing компаниясы менен 230 даана Boeing 737 сатып алуу жөнүндө 22,  4 млрд долларлык келишим түзгөн. Lion Air 1999-жылы эми түзүлгөндө 1 гана пассажирлик учагы болсо, азыр 94 аба лайнерине ээ. АКШ жана Евробиримдик учуу коопсуздугуна шилтеп, индонезиялык жеке менчик компаниянын учактарына  тыйуу салып койгон.
XS
SM
MD
LG