Кипр парламенти өлкөнү кризистен сактоо үчүн аманатчылардын банктагы акчаларынын бир бөлүгүн кармап калуу жөнүндө мыйзам долбоорун колго салууну бүгүнкүгө калтырды.
Кипр өкмөтү менен эл аралык кредиторлор ишемби күнү жетишкен келишим – Кипрди 10 млрд евро шашылыш насыяны алыш үчүн аманатчылардын банктагы депозиттеринен 10 пайыз салык төлөгөнгө чакырат. Мындай шарттагы келишим кипрликтердин нааразылыгын жаратты. Ошондой эле бул келишим өз аманаттарын Кипрдеги банктарда сактаган түркиялыктар менен орусиялыктарга да катуу тийди. Орусиянын президенти Владимир Путин аталган келишимди сынга алып, “адилетсиз, профессионалсыз жана коркунучтуу келишим” деп атады.