Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:29

Мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча улуттук комиссия кайра түзүлөт


Мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча улуттук комиссия жоюлуп, анын ордуна тил саясаты боюнча Улуттук комиссия түзүлөт. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өтүп жаткан “Кыргызстандын медиа саясатындагы тилдик инклюзия” деп аталган эл аралык форумда президенттин этностор аралык ынтымак боюнча кеңешчиси Эмил Каптагаев билдирди. “Жаңы түзүлгөн комиссия азыркыга караганда алдына чоң милдеттери коет. Улуттук комиссиянын ишин кайрадан иштелип чыгат”,-деди Каптагаев.

Кечээ президент Алмазбек Атамбаев Коргоо кеңешинин жыйынында кыргыз тилине жакшы мамиле болмоюнча, өлкөдө туруктуулук, ынтымак болбой турганын белгилеп, “биз кимдир бирөөгө жакса да, жакпаса да кыргыз тилин өнүктүрүп, тилди үйрөнүшүбүз керек. Мамлекеттик тил өлкөдөгү негизги өзөк болушу зарыл”,- деп айткан. (JAk)

XS
SM
MD
LG