Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:38

Европа өнүктүрүү банкы Талас шаарына 6,5 млн евро бөлөт


Бул каражат Талас шаарындагы суу түтүктөрүн жана канализация системасын толук оңдоо үчүн жумшалат. Каражаттын 4,5 млн. евросу гранттык негизде, калган 2 миллиону 15 жылга насыя катары берилет. Бул тууралуу "Азаттыкка" Талас шаарынын мэри Анарбек Кушубеков маалымдады. Анын айтымында, бул долбоор 2013-2015-жылдар аралыгында аткарылып, бир топ суу куурлары жаңыртылат.

Талас шаарындагы суу түтүктөр 1972-жылы курулуп, ошондон бери бир да жолу оңдолгон эмес. (MbA)

XS
SM
MD
LG