Бүгүн, АКШнын Саддам Хусейндин бийлигине каршы баскынчылыгынын 10 жылдыгында баш калаа Багдадда машиналар жардырылып, атышуулар болду. Ирак полициясы, оорукана өкүлдөрү билдиргендей, аз дегенде 50 кишинин өмүрү кыйылып, 150дөн ашыгы жарадар болду. Бүгүнкү кол салуулар Багдаддагы шийилер отурукташкан аймактарда орун алды. Акыркы жылдары кан төгүүлөр азайганы менен, Иракта жалпы коопсуздук кырдаал начар бойдон кала берүүдө. Соңку кездердеги кол салуулардын көбү үчүн жоопкерчиликти «ал-Каида» террор тобу менен байланышы бар сунни согушкерлери өздөрүнө алып келишет.