Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:48

Сирия: оппозиция премьер-министри сүйлөшүүнү четке какты


Сириялык оппозициянын премьер-министри Гассан Хитто президент Башар Асад менен сүйлөшүү мүмкүнчүлүгүн четке какты. Сириянын жаңы шайланган өкмөт башчысы президент Башар Асаддын режими менен “диалог болушу мүмкүн эмес” деди. Гассан Хитто бүгүн Стамбулда оппозициядагы Сириянын Улуттук коалициясында шайлангандан кийин сүйлөдү. Ал ошондой эле убактылуу өкмөт Сириянын түндүгүндөгү козголоңчулар көзөмөлдөгөн аймактарда жайгашаарын бышыктады. Хитто алдыдагы бир нече күндө кабинеттин курамын аныктайт деп күтүлүүдө, бирок баяндамачылар Сирияда Асаддын армиясына каршы согушуп жаткан козголоңчулар анын бийлигин тааныр-тааныбасы белгисиз экендигин айтышууда.

XS
SM
MD
LG