Жалал-Абад облусунун Шамалды-Сай шаарчасынын кырк жаштагы тургуну өз ыктыяры менен “Хизб-ут Тахрир” уюмуна тиешелүү жети китеп, эки баракча менен төрт дептерди жана эки компакт-дискти милицияга өткөрүп берди. Бул айым Кыргызстанда тыюу салынган партияга мурда күйөөсүнүн жетеги менен киргенин, күйөөсү көз жумгандан кийин “Хизб-ут Тахрир” уюмунун мүчөлүгүнөн чыккандыгын Жалал-Абад облустук ички иштер башкармасынын маалымат катчысы Жылдызбек Аттокуров бүгүн кабарлады. Анын айтымында, Таш-Көмүр шаардык ички иштер бөлүмү мындан эки күн мурун Шамалды-Сай шаарчасында ыкчам изилдөө иштерин жүргүзүшкөн. Мындан мурда “Хизб-ут Тахрир” партиясынын катарынан чыккандыгы тууралуу Сузактын Барпы айыл өкмөтүнүн 50 жаштагы тургуну билдирген маек курган. Улуттук коопсуздук кызматынын облустук башкармасы берген маалыматта облуста жашыруун уюмдун 2300дөй мүчөсү жана жактоочусу бар. (YA)