Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:57

ЮНЕСКО Кыргызстанга шырдактын сертификатын тапшырат


ЮНЕСКО Кыргызстанга ала-кийиз менен шырдактын сертификатын тапшырат. Бул тууралуу "Азаттыкка" Жогорку Кеңештин депутаты Карганбек Самаковдун кеңешчиси Курманбек Рыспаев билдирди.

Анын айтымында, бул күндөрү депутат Самаков баштаган 13 кишиден турган кыргыз делегациясы Парижде жүрөт. ЮНЕСКОнун башкы директору Ирина Бокова менен жолугушуп, 14 өлкөнүн аталган уюмдагы элчилери менен сүйлөшүүлөр өтүүдө:

- Кыргыз элине таандык материалдык эмес маданий мурастарды ЮНЕСКОнун тизмесине кыргыз элинин атынан киргизүү маселелери талкууланат. Биринчи кезекте “Манас” эпосунун үчилтигин Кыргызстандын атынан ЮНЕСКОнун каттоосуна киргизүү боюнча кеңири сөз болот. ЮНЕСКОнун баш катчысы Бокова жакында ЮНЕСКОнун каттоосунан өткөн кыргыздын ала-кийизи менен шырдагынын сертификатын тапшыруусу күтүлүүдө, - деди Курманбек Рыспаев. (RK)

XS
SM
MD
LG