Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:29

"Терек" президент Кадыровдын айыбы үчүн айып төлөйт


Грозныйдын “Терек” футболдук клубу Чеченстандын президенти Рамазан Кадыров арбитрды оюн жүрүп жаткан кезде каралаганы үчүн 200 миң рубль (6, 5 миң доллар) өлчөмүндө айып төлөйт. Ошондой эле Орусиянын футбол федерациясынын дисциплинардык комиссиясынын чечимине ылайык, “Терек” бир оюнду бейтарап майданда ойнойт. “Терек” менен Казандын “Рубин” командаларынын жекшемби күнкү беттешүүсүнүн 87 мүнөтүндө арбитр грозныйлык футболистти оюндан чыгарып салганда, Кадыров арбитрди майданды жаңырта “саткын” деп күнөөлөгөн. Рамазан Кадыров фейсбуктагы бетинде стадиондогу жүрүм-туруму үчүн “футбол дүйнөсүнөн кечирим сурап”, бирок арбитрдан кечирим сурабасын жазган.

XS
SM
MD
LG